Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында мас айдоочу кыз-жигитти сүзүп, алар ошол жерде каза болушту
Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында мас айдоочу кыз-жигитти сүзүп кетип, алар каза болушту. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы, милициянын майору Тилек Оторов билдирди.
Маалым болгондой, окуя кечээ саат 23:50 чамасында болгон. Катуу ылдамдыкта келаткан Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөрдү Чүй кең көчөсү менен Эркиндик булварынын кесилишинен сүзүп кеткен.
“Айдоочу окуя болгон жерден качууга аракет кылган. Бирок жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан 26 жаштагы Эльзар аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Наркологиялык борбордон текшерүүдөн өткөндөн кийин ал мас экени аныкталган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаасы айып пул төлөөчү жайга жеткирилген”,- дейт Т.Оторов.
Белгилүү болгондой, каза тапкандар 25-30 жаштар чамасындагы кыргыз улутундагы жарандар, учурда алардын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө.

...эми озунун ХХХ ХХХ отурсун
Коомдук этиканы сактаңыздар.
Бейиштен орун алышсын. Жакындарына сабыр берсин! Айдоочуга да сабыр берсин!
Эмне себептен, кандай ниетте каякка бараткандарын же келаткандарын точно билесинби? Балким бир оорулуу тууганын коргону барып тун кирип кеткенинен жигитине жеткирип коюусун сурангандыр? А сен тункусун кандай, эмне себеп болсо да, жашоо кыстап турса да тункусун кызым же жигитим менен кочодо баспайм деп кепилдик бере аласынбы?