super.kg logo

Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү

 
Бүгүн, 12-ноябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Стаханов көчөсүндөгү №4/2, 4/4 көп кабаттуу үйлөрдө, Көк-Жар (Босого, Молдокулов, Сайма-Таш көчөлөрү), Ак-Өргөө (Айдың-Көл, Жолон, Чамгарак, Ашар, Бозсалкын, Өмүр, Кайберен, Ак-Ордо, Ак-Буура, Көкөмерен, Найман, Ак-Шоокум, Тогуз-Кайрык, Таш-Рабат, Тогуз-Канат, Хан-Теңир, Саадак, Ай-Көчө, Күн-Көчө, Арабаев, Алыкулов, Жетиген, Бекет, Аймончок, Камбаркан, От-Араба, Молдо Нияз, Алтын-Казык, Садыков, Асаба, Жаңыл Мырза, Кербез, Саманчы жолу, Кырк-Кыз, Ак-Чөлмөк, Бекбекей, Өмүрканов, Тагылдыр-Тоо, Саринжи-Бөкөй, Ак-Бата, Үркөр, Лущихин көчөлөрүндө) №2116, 1314-трансформаторлорун жана №329-ички үй тармакты оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча (Новая, Короткая, Коллекторная, Кыргыз, Украина, Тихая көчөлөрү), Ленин (Восточная, Коммунарск, Түштүк-1 “А” көчөлөрү), Мыкан (Линейная, Гэсовская көчөлөрү), Бирлик (Жаштар, Полевая көчөлөрү), Кашка-Суу, Малиновка, Беш-Күнгөй (Сары-Багыш, Матросов, Садовая көчөлөрү), Аламүдүн (Панфилов, Алматы, Чапаев, Гидростроительная, Набережная, Чугуев, Горький, Чернышевский, Гоголь, Кавказ, Школьная, Логвиненко көчөлөрү, Кыргызстан жаңы конушунда), Лебединовка (Мичурин, Восточная, Ленин, Северная, Чапаев, Киров, Комсомольская, Октябрьская, 8-март, 9-май, Пионер көчөлөрү, Жеңиш чоң көчөлөрү), Чыгыш (Семетей жана Сейтек көчөлөрү) айылдарында жана ошондой эле "Оруу-Сай" тоо-лыжа базасында жарык өчүрүлдү.

Ошондой эле Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка (Ленин 510-534, Турсун-Бяр 9-40, Мичурин 200-260, Чапаев 3-68, Атай 2-16, Пушкин 2-78, Манас 9-90 көч.) айылында, Жайыл районуна караштуу Кара-Балта (Жаштык, Железнодорожная, Памир Талияк көч.) шаарында, Токмок шаарында ГЭС-4, ГЭС-2, “Карагачевая”, “Бирлик”, “Кашка-Суу”, “Кара-Жыгач” “Сельэлектро-2”, “Нур”, “Калининская” көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгыларындагы жана “Достук” көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.11.2014. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооууу Чуйдун бардык эле жеринде свет жокко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: