super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Өкмөт Эл аралык валюта фонду менен кызматташууну улантууга даяр"

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 11-ноябрда Эл аралык валюта фонду миссиясынын жетекчиси Эдвард Гемайел менен жолугушуп, анда ЭВФ менен кызматташуунун жаңы үч жылдык программасы талкууланды.

Жолугушууда карыздын туруктуу деңгээлде кармалышы, акча-кредиттик саясат, мамлекеттик башкарууну реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү, каржылык рынокту өнүктүрүү жана инвестициялык абалды жакшыртуу маселелери боюнча ЭВФ делегациясы менен мамлекеттик органдардын жетекчилери ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын талкууланды.

Премьер-министр жаңы программаны уюштуруу процесси ийгиликтүү өтүп жатканын билдирди. “Инвесторлордун ишеним деңгээлин жогорулатууга жана түзүмдүк реформаларга негиз болуп бере турган сапаттуу документке жетишүү үчүн иш-чараларды улантуу зарыл",- деди Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: