super.kg logo

Кыргызстанда "Демократиялык башкаруу" долбоорун ишке ашырууга 17,6 миллион доллар каралган

 
Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасынын "Демократиялык башкаруу" долбоорун ишке ашырууга 17,6 миллион АКШ доллары каралган. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда аталган программа уюштурган тегерек столдун жүрүшүндө айтылды.
Маалым болгондой, сот акыйкаты, адам укуктарын коргоо жана укук үстөмдүгүн өркүндөтүүгө 6,8 миллион доллар, мамлекеттик администрация тармагын реформалоого 7 миллион доллар, коррупцияга каршы иш-аракет жасоо жана анын алдын алууга 1 миллион доллар жана шайлоо реформасын колдоого 3,8 миллион доллар каралган. "Биз бул багыттарда КРнын парламенти, өкмөт аппараты, президент аппараты жана бейөкмөт уюмдар менен тыгыз мамиледе иштешебиз",- деди аталган долбоордун жетекчиси.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: