Акыркы сутка ичинде республика аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, Жумгал районунда үйдүн 49 чарчы метр шыбы күйүп кетти
Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка
ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт
өчүрүү бөлүмү тартылган.
Автор: Мальвина Уметбекова
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 12-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Жумгал районунун Байзак айылындагы үйлөрдүн биринде үйдүн 49 чарчы метр шыбы, 4 терезе, 2 эшик, үй оокаттары күйүп кеткен. Өрт отко болгон этиятсыздыктан улам келип чыккан.
Ошондой эле Бишкек шаарындагы Орская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен турак жайдын 2 чарчы метр чатыры, кире беришинин 10 чарчы метр жыгач дубалы, шыбы толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.