super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев мыйзам даярдоого депутаттардын жардамчылары активдүү катышуусу керектигин айтты

 

Жогорку Кеңеш 12-ноябрдагы жыйынында мыйзам долбоорлорундагы ченемдик-укуктук актыларды жөнгө салуу таасирин талдоо иштерин ыраатташтыруу демилгеси каралды. Депутат Дастан Бекешев долбоордун ченемдик-укуктук актыларды жөнгө салуу таасирин мыйзам долбоорун даярдаган тарап өзү талдашы керектигин айтууда. "Эгер депутат өзү жасай албаса, билими жок болсо, анда жардамчысы кылсын. Жардамчысынын да билими жок болуп калса, анда андай жардамчылардын эмне кереги бар? Бул ишти жасоо оңой эле, депутаттар жөнөкөй эсептөөнү билбесе, анда элге күлкү болобуз",- деди Бекешев. 

Буга көпчүлүк депутаттар каршы чыгышып, аталган ишти атайын адистер жасашы керектигин айтышууда. 

Депутат Назарали Арипов демилгеге каршы экенин ачыктады. Дастан Бекешевге кайрылып: "Мен каршымын. Жанатан бери кайра-кайра депутаттардын билим деңгээлин айтып жатасыз. Депутаттарга баа бергидей сиз кимсиз?! Антүүгө сиздин акыңыз да жок",- деп билдирди.

Мындан кийин Бекешев кесиптештерин сөздү бурмалабоого чакырды. "Менин айткан сөзүмдү башкача мааниге бурмалоого силердин да акыңар жок. Мен жөнөкөй гана нерсени айттым. Оңой болгон математикалык эсепти билбесек, өзүбүзгө эле уят экенин билдирдим. Жалпы парламентти жамандаган жерим жок",- деди ал.  

Дамира Ниязалиева да демилгеге каршы чыкты. олбоордун ченемдик-укуктук актыларды жөнгө салуу таасирин атайын адистер талдашы керек. Көрүнгөн эле адам талдай бергенде болбойт, депутаттардын жардамчыларынын баарынын эле тийиштүү билими боло бербейт",- дейт депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: