Борбордогу Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейине видеокамералар орнотулду
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейине видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына аталган музейдин маркетинг бөлүмүнүн адиси Гүлбара Абдыкалыкова билдирди.
Анын айтымында, музей 22 видеокамера менен жабдылса, анын 5 камерасы сыртында орун алды.
"Камералар Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин каржылоосунда жайгаштырылды. Аларда
архивге жазып калуу функциясы бар. Ошондой эле кишинин кыймыл-аракетине таасир кылат. Буга чейин бул музейдин негизги фойелери жана залдары видеокөзөмөл менен жабдылган, бирок алардын архивге жазып калуу функциялары жок болчу",- дейт Гүлбара Абдыкалыкова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Мазактоого жол берилбейт.