Кыргыз-казак чек арасында жарым жылдан бери кармалып турган күйүүчү май жүктөлгөн вагондор Кыргызстанга жөнөтүлө баштады

Кыргыз-казак чек арасында ушул жылдын апрель айынан бери кармалып турган күйүүчү май жүктөлгөн 470 вагон Кыргызстанга жөнөтүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Интернеттен алынган
Маалыматка ылайык, бүгүн Казакстандан 41 вагон келген. "Жакынкы арада калган вагондорду алып келүү маселеси толугу менен чечилмекчи. Ал эми учурда республиканын бардык аймактарын күйүүчү май менен камсыздоого керектүү көлөм бар",- деп билдиришти аталган мекемеден.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Орусиядан Кыргызстанга жөнөп жаткан күйүүчү май жүктөлгөн 470 вагон Луговая станциясында кармалган. 7-ноябрда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга болгон иш сапарында бул вагондорду бошотуу боюнча келишим түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(4)
Manasasman

12.11.2014. 13:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Казактар ушул вагондор бошотулса бензин арзандайт деп айтып журушту эле. Албетте бул шылтоо болчу эми дагы кымбат сатып жыргап калышат тура.
Dadin1

12.11.2014. 13:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул вагондордун Казакстанда кармалуусу жасалма болгону ачык айкын эле корунуп калды окшойт.Бийликтегилер куйуучу майдын баасы алда канча которулоорун 6-7 ай мурун эле билишкен ошондуктан атайын эле арзан алып кымбат сатуу тактикасын колдонуп койушту.Бул да болсо бир аткаминердин бизнесида.
RNA78

12.11.2014. 14:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир литр бензинден 10 сомдон калса, бир вагон 60 тн болсо 600 000 сом калат экен да, эми 470 вагон болсо 282 000 000 сом болуп кетет экен. Эгер чындап эле арзан алып, кымбаттаганда сатабыз десе, элдин убалы уктатпайт...
RNA78 түзөттү 12.11.2014 14:15
al-abu-kinesz

12.11.2014. 20:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кун ысык, жарылып кетиши мумкун деп шылтоолоп атышты беле адашпасам? Казактар ошентип атышкан откорбой
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.