super.kg logo

Ош. “Китеп камкордугу” деп аталган акцияда 5 миңден ашык окуу китеби жыйналды

 

Ошто “Үйдөгү окулбай турган китептерди отту тутандыруу үчүн эмес, келечек муунду билим менен кубандыруу үчүн колдонолу” деген ураан астында уюштурулган акцияда 5012 даана окуу китеби жыйналды. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акциянын жүрүшүндө айрым мектептерге демөөрчүлөр, ата-энелер тарабынан колдоолор көрсөтүлүп, жаңы китептерди сатып алуу үчүн акчалай жардамдар да берилди.                                                     Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерде өткөрүлгөн “Китеп камкордугу” акциясы 2 баскычта уюштурулду. Алгач сентябрь айында ар бир мектептин базасында уюштуруу комитети түзүлүп, курамында мектептин китепканачысы, класс жетекчилери, уюштуруучулар жана ата-энелер болгон. Октябрь айында болсо мектептер арасында өтүп, анда ар бир мектеп фондуна келип түшкөн китептер боюнча маалыматтар такталды. Ошого жараша Билим берүү башкармалыгынын буйругуна ылайык түзүлгөн уюштуруу комитети тарабынан жыйынтык чыгарылды.

1-орунга Карл Маркс атындагы №2-орто мектеби татыктуу болуп, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан букридер (электрондук китепче) менен сыйланса, 2-3-орунга жетишкен мектептер да башкармалыктын дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланды.

Белгилей кетсек, №16-мектептин ата-энелер комитети тарабынан 40 миң сомдук акча каражаты берилип,180 даана окуу китеби сатылып алынган. “Китеп камкордугу” акциясын өткөрүүнүн максаты мектептин китеп фондун толуктоо жана жетишпеген китептерге болгон муктаждыктарды жеңилдетүү болчу. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерде окуу китебинин саны буга чейин 47 447 болсо, китептер чогултулгандан кийин анын саны 52 462 даанага жетти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: