super.kg logo
  Саясат  

Парламент: Коалициялык көпчүлүк 14-ноябрда Сотторду тандоо кеңешинин 4 өкүлүн тандайт

 
Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк 14-ноябрда жыйын өткөрүп, Сотторду тандоо кеңешине 4 талапкер тандайт. Муну парламенттин 12-ноябрдагы жыйынында депутат Феликс Кулов билдирип, аталган кеңеш көптөн бери иштебей туруп калганын белгиледи. "Кийинки аптада Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы бирдиктүү тизме боюнча бекитилет",- деди Кулов. Спикер Асылбек Жээнбеков аталган маселе парламенттин кийинки аптадагы жыйынында биринчи болуп караларын кошумчалады. Буга чейин кеңештин мүчөлүгүнө 20 талапкер тандалган. 
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешинин курамында 24 мүчө бар. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттеги көпчүлүк коалиция, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: