Кыргызстанда кыргыз тили боюнча алгачкы электрондук китеп чыгарылды
Бүгүн, 12-ноябрда Бишкекте Кыргызстандагы кыргыз тили боюнча чыгарылган алгачкы электрондук китептин бет ачары өттү. Иш-чарада вице-премьер-министр Эльвира Сариева, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков, аталган китепти чыгарууну каржылаган "Сорос-Кыргызстан" фондунун директору Шамил Ибрагимов катышты.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
К.Садыковдун айтымында, ал жетектеген министрлик үчүн бул керектүү жана маанилүү нерсе. "Бул китептер жаңы, заманбап, ыңгайлуу стандарттар менен чыгарылган. Электрондук китептерди 100 мектепке киргизүүгө ниеттенип жатабыз",- деди министр.
"Бүгүнкү күнү электрондук китептер - кагаз китептердин кайталоо версиясы гана эмес. Буларда окутуучу аудио жана видеоматериалдар бар. Окуучулар үчүн бул китептер билим алуу процессин бир топ жеңилдетет",- деди Ибрагимов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:51
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















