Мыктыбек Абдылдаев Бажы биримдигине кирүү маселесин кароого 90дой депутат катышпай жатканына нааразы








Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Мыктыбек Абдылдаев депутаттарга нааразычылык билдирди. Депутат жыйында Бажы биримдигине кирүүгө байланышкан мыйзам долбоору каралып жатканда кесиптештеринин көбү жыйынга катышпай жатканын сындап чыкты. "Казакстандын парламентинде депутаттардын 90 пайызы иштеп отурушат. Билбейм, же алар жетекчиликтен коркушат, же мамлекет үчүн берилип иштешет. А бизде мамлекет үчүн өтө маанилүү маселе каралып жатса, жыйында баягы эле 20 “дежур” депутат отурат. 90дой депутат жыйында жок. Жоопкерчиликтен качып жатабызбы?"- деди Абдылдаев.
Айта кетсек, жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан 14 мыйзам долбоору каралды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

