super.kg logo

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолундагы жол кырсыгынан улам дайынсыз болуп жаткан эки адамдын жансыз денеси табылды (фото)

 

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолундагы жол кырсыгынан улам дайынсыз болуп жаткан эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-ноябрдан 12-ноябрга караган түнү болгон. Анда аталган унаа жолунун 80-чакырымында УАЗ 469 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Тар дарыясына түшүп кеткен. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, унаада 9 жүргүнчү болгон, 7 адам жабыркаган. Учурда алардын абалдары жакшы. Ал эми 48 жаштагы айым менен 8 жашар кыздын жансыз денеси кырсык болгон жерден 2 чакырым төмөн жактан табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.11.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жандары жаннаттан болсун!!!
12.11.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
админ канча жолу айтайын, мырзаке эмес мырза-аке деп?
12.11.2014. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш адамдар, ыймандары саламат болуп, Жараткан жандарын жаннатынан насип этишин тилейбиз. Туугандарына конул айтам.
:-(
13.11.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
crishti_7, сиздики деле туура болушу мүмкүн, бирок Мырзаке деген деле ката болбойт. Эгер аты Мырза болсо (мындай ысымдар бар да), ага эркелетүү маанисин туюндуруу үчүн (-ке) мүчөсү жалганып, Мырзаке болуп калышы толук мүмкүн. Анткени кыргызда ошондой ысымдар көп кездешет: Асан - Асаке, Таалай - Таке ж.б. Кайсынысы эл арасында көп айтылып, сиңип кетсе, ал кала берет.
Мэри түзөттү 13.11.2014 10:15
13.11.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мисалы, Тоголок Молдо (Байымбет Абдрахманов), аны эч ким Байымбет дебейт, ошол сыяктуу эле Мырза деп ысым ыйгарылса, аны эркелетип жүрүп Мырзаке болуп калышы мүмкүн да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: