super.kg logo

Ошто диний согуштарга катышпоо, экстремизмдин алдын алуу максатында жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

 
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, ОшМУнун теология факультетинин окутуучулары тарабынан диний согуштарга катышпоо, экстремизмдин алдын алуу максатында жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Окуучулар, алардын ата-энелери менен жолугушуулар өткөрүлүп, кыргызстандыктарды Сирия жана Иракта болуп жаткан согуштук аракеттерден сактоо маселеси каралууда. Бул тууралуу 12-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка караганда, биринчи жолугушуу шаардагы Федченко атындагы орто мектепте андан кийин Амур-Темур кичи районунда өткөрүлүп, анда согуш болуп жаткан жерлерде тартылган видеоматериалдар көрсөтүлдү. Ошондой эле казыяттын өкүлдөрү, дин жаатындагы окутуучулар катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Укук коргоо органдары согушка барган жарандардын абалын айтып беришти. Мындай иш-чаралар график боюнча Ош шаарындагы бардык мектептерде өткөрүлөт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: