Чүй облусунда жалпы жарандык паспортту берүүдө мыйзам бузуулар катталган

Чүй облусунда жалпы жарандык паспортту берүүдө мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын жай айында Каттоо кызматына паспорт алуу үчүн жаш кыз кайрылган. Бирок ага мурда да паспорт берилгени айтылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кайрылган кыздын аты менен башка кыздын сүрөтү чапталган паспорт бөлөк жаранга берилгени белгилүү болгон. Ошондой эле сүрөттөгү кыздын 1993-жылы туулган К.А. аттуу Ош облусунун тургуну экени жана буга чейин бир канча жолу паспорт алганы аныкталган.
Учурда Чүй облусундагы Райондук паспорт-визалык жана каттоо бөлүмүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Nuura

12.11.2014. 18:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык паспорт алгандан дагы паспортко документ жасаган аябай кыйын экен бул кыз кантип коп жолу паспорт алды болду экен .
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.