super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине кирүүдөгү документтер декабрда каралып бүтүшү керектигин айтты

 

Бүгүн, 12-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында өкмөткө караштуу Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиянын жыйыны өттү. Премьер-министр аталган биримдикке кошулуудагы келишимдин ар бир пунктун дыкат карап чыгуу керектигин белгиледи.

“Бардык документтерди сапаттуу иштеп чыгуу зарыл. Биз Кыргызстандын учурдагы мыйзамдарына карама-каршылыктар келип чыгуусуна жол бербешибиз керек. Бардык процедуралар сакталып, тактап айтканда, келишим долбоору кеңири коомдук талкууга алынышы керек",- деди өкмөт башчы.

Экономика министри Темир Сариев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу баяндама жасады. “Келишим долбоорун талкуулоо үчүн иштиктүү топ түзүлгөн. Орусиянын жана Казакстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ишкерлер чөйрөсү жана бизнес-түзүм өкүлдөрү менен талкуулар өткөрүлгөн",- деп белгиледи министр.

Оторбаев декабрь айынын соңуна чейин ички мамлекеттик процедураларды жыйынтыктап, келишимди Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна сунуштоо зарыл экенин кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: