2014-жылдын 9 айында 250 миңге жакын адам кыймылсыз мүлккө ээ болуу укугун алган
2014-жылдын алгачкы 9 айында 249 084 адам кыймылсыз мүлккө ээ болуу укугун алышкан. Бул көрсөткүч өткөн жылдын 9 айындагы жыйынтыкка салыштырмалуу 12 пайыздык өсүштү көрсөтөт (2013-жылдын 9 айында 222 462 жаранга мындай укук берилген). Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүчтүн тизмесинде кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу жана сатуу боюнча түзүлгөн келишимдер, мүлктү күрөөгө коюу, ижарага алуу, белек кылуу, мураска калтыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү алмашуулар эсепке алынган. Аталган мекеме белгилегендей, бул жаатта өсүш байкалып, ошол эле учурда республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшкөн каражаттын суммасы артууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.