Депутаттар Жогорку Кеңеш айыл өкмөттүн деңгээлиндеги иштерге киришпеши керектигин айтышууда

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Жусупали Исаев депутаттарды айыл өкмөттөрүнүн ишине киришпей, мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүгө чакырды. Анын айтымында, парламент депутаттары үчүн айыл өкмөттөрүнүн ишине киришүү уят. "Айыл өкмөттөрүнүн жумушу оор. Мага кечээ айылдан өкүлдөр "айыл элинин тынчын албагыла" деп кайрылышкан. Эгер ушунчалык зарыл болсо, анда өзүбүз айылдарга барып иштеп көрбөйлүбү?"- деди Исаев.
Жыйында Баткендин айыл өкмөттөрүнүн бириндеги ишти иликтөө үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин эксперттик тобунун өкүлдөрүнүн Баткенден токмоктолушу боюнча депутаттар талашып-тартышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

