Жалал-Абадда мечиттерди каттоочу атайын комиссия түзүлдү
Жалал-Абад облусунда мечиттерди каттоочу атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалым болгондой, Жалал-Абад облустук казыятта райондук башкы имамдардын катышуусунда жыйын өткөн. Анда Дин башкармалыгынын 2014-жылы 31-октябрда чыккан №275 жана №276-буйругун тааныштыруу, ишке ашыруу маселелери каралды.
Буйрукта айтылгандай, мындан ары аймакта салынчу мечиттердин баары сөзсүз түрдө мамлекеттик каттоодон өтүшү керек. Ага ылайык, каттоону көзөмөлдөөчү атайын комиссия түзүлдү.
Жыйынга Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз Закиров, казыят кызматкерлери, Сузак, Ноокен, Ала-Бука, Токтогул райондорунун башкы имамдары катышты. Алар болгон аракетин жумшоо менен мечиттерди расмий каттоого алуу боюнча комиссия уюштуруу иштерин жүргүзүшөрүн айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.