Акыркы сутка ичинде республика аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, Ноокат районунда 100 даана түк чөп күйүп кетти
Жарандык коргонуунун
Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө
аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү
бөлүмү тартылган.
Автор: Мальвина Уметбекова
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 13-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Ноокат районунун Көк-Жар айыл округундагы үйлөрдүн биринде 2 кабаттуу сарайдын 120 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, 100 түк чөп, 4 тонна саман күйүп кеткен. Өрт үй ээсинин 5 жаштагы баласынын от менен болгон шоктугунан улам чыккан.
Ошондой эле Лейлек районунун Катыраң айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринин жыгач устундуу, шифер жабылган 182 чарчы метр чатыры, үй эмеректери күйгөн. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.