super.kg logo

Ош мамлекеттик университетинде окумуштуу Бурул Каримованын 75 жылдык мааракесине карата конференция уюштурулду

 

Ош мамлекеттик университетинде кечээ, 12-ноябрда окумуштуу Бурул Каримованын 75 жылдык мааракесине карата конференция уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бурул Каримова биология илимдеринин доктору, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Даңк медалынын, “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси катары белгилүү. Анын 75 жылдык мааракесине ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Б.Мурзубраимов, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын, Кыргыз Республикасынын, Казак Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жайгашкан жогорку жана кесиптик окуу жайлардын ректорлору, окутуучулары, Бурул Каримованын шакирттери, кесиптештери, окумуштуулар, студенттер катышышты. 

ОшМУ менен жашташ, тагдырлаш болуп 75 жылдык мааракесин белгилеп жаткан илимпоз Бурул Каримова ОшМУда билим алып, ушул жерде эмгектенген. Окумуштуунун өмүр жолу, тажрыйбасы, коомдук, жетекчилик  ишмердүүлүктөрү улуулар үчүн да, кичүүлөр үчүн да үлгү экендигине токтолгон ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Бурул Каримовага “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” наамы университеттин 75 жылдык мааракесинде тапшырылгандыгын айтып, окуу жайдын жамаатынын атынан 25 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле Бурул Каримовага куттуктоо сөздөрү айтылып, КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Ош облустук ооганчылар коомунун энелерге арналган медалы, Алай районунун элинин атынан “Алай районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Бурул Каримова Кыргыз Республикасында биология багытында аялдардан биринчи болуп докторлук даражага ээ болгон. Бүгүнкү күндө 170тен ашуун макаласы,7 монографиясы, 5 окуу-методикалык китеби жарыяланып, билим берүү тармагында кеңири пайдаланылып келет. Анын “Даткалар жашаган табият”, “Өмүр жолундагы издер” деген өңдүү бир топ автобиографиялык жана публицистикалык китептери жарык көргөн. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.11.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i Byryl Karimovna ejekebiz aman bolynyz yzaak jawanyz sizdey ejekeden bilim alganybyzga kybanabyz bakybat jawoodo jyrynyz kyt bolsyn algan belekteriniz.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: