super.kg logo

Дарыгер: "Кыргызстанда кант диабети менен 43 миңдей адам жабыркайт"

 

2013-жылкы көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан боюнча 43 миңге жакын адам кант диабети менен ооруганы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына дарыгер-эндокринолог Кайыргүл Жоошбаева билдирди.

Кант диабети менен расмий катталган адамдардын саны 43 миң болгону менен, аталган дартка чалдыкканын билбей жүргөндөрдүн саны 3-4 эсеге көп болушу мүмкүн. Муну эсепке алганда, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү менен өлкөдө 160 миңге жакын адам кант диабети менен жабыркайт. 

Кант диабети - дүйнөдө кеңири тараган инфекциялык эмес оору. Медицина жактан ал үзгүлтүксүз кароону талап кылат. Кант диабетинен дүйнө жүзү боюнча ар бир 7 секунда сайын 1 адам көз жумат, ар бир 30 секунда сайын 1 адам бутун ампутация кылса, ар бир 7 секунда сайын аталган илдетке 2 адам чалдыгат”,- дейт К.Жоошбаева.    

Дарыгердин айтымында, аталган илдетке кабылгандардын 90 пайызын 30 жаштан ашкан жарандар түзөт жана алардын көбү инсулин сайынат. Ал эми калган 10 пайызын 30 жашка чейинкилер түзөт.

Кант диабети менен жабыркагандарын басымдуу бөлүгүнүн бөйрөктөрү начар иштейт. Ошол себептен улам ар бир үчүнчү бейтап гемодиализ аппаратына муктаж. Ал эми айрым бейтаптар аталган оорунун кесепетинен көрүү жөндөмдүүлүгүнөн айрылууда.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: