Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан кыргызстандык жаран каза тапты

Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан кыргызстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргызстандык жаран Өзбекстандын аймагына контрабандалык жүк алып өтүүгө аракет кылган. Бул учурда өзбек чек арачылары ага карата ок чыгарышкан. Ок жеген жаран жараатынан улам ооруканада каза тапкан. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянсак, окуя аталган райондун Өзөк айылындагы такталбаган аймакта болгон.
Бул апта ичиндеги экинчи инцидент. Буга чейин да 10-ноябрь күнү Кызыл-Кыя - Кадамжай транзиттик унаа жолунда кыргызстандык жарандарга өзбек чек арачылары ок чыгарышкан. Анын кесепетинен бир кыргыз жараны жабыркап, экинчиси кармалган эле.

Биздин бийлик адамдары эмнени карап жатышат?
канча жолу ок атуулар болот бири да жооп беришпейтго . . .
Провокация жарата турган билдирүүлөргө жол берилбейт.
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Жалаң баш тамгалар менен жазууга, коомдук этикага туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат.