super.kg logo

Ысык-Көл облусунда жаратылыш паркы негизделет

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда “Ыйык Хан-Теңири” аталыштагы жаратылыш паркы түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына КРнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин алдындагы Токой чарба агенттигинин Аңчылык департаментинин башчысынын орун басары Сабырбек Чукунбаев билдирди.

Ыйык Хан-Теңири” жаратылыш паркын 2015-жылдын жаз айларында ачуу пландалууда. Анын ачылышы менен токой тилкелерин, жаратылыш байлыктарын, андагы жапайы канаттууларды, кайберендерди жана аймактагы калган ак илбирстерди сактап калуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт”,- дейт С.Чукунбаев.  

Анын айтымында, алыскы жайыттарга коомдук малдын чыгарылышы менен кайберендерге аңчылык жыл санап өсүүдө.

Жаратылыш паркын Сары-Жаз бассейнинде түзүү пландалууда. Учурда бул аймакта эле канаттуулардын 400дөн ашуун, ал эми сүт эмүүчүлөрдүн 30дан ашуун түрү байырлашат. Негизинен алар мал жайылуучу жайыттарды эмес, аскасы асман челген бийик тоо-таштарды жана кооптуу жайларды мекендешет”,- деп кошумчалады С.Чукунбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: