super.kg logo
  Саясат  

Доллардын өсүүсүнө байланыштуу ички дүң өндүрүштөгү өз ара катышта мамлекеттик тышкы карыздын деңгээли 53,1 пайызды түзөт

 

2014-жылдын 30-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын суммасы 3,4 миллиард АКШ долларын же 185,8 миллиард сомду түздү. 

2014-жылдагы доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу божомолдонгон ички дүң өндүрүштөгү өз ара катышта мамлекеттик тышкы карыздын азыркы деңгээли 53,1 пайызды түзөт. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигинен билдиришти.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, жыл аягына чейин тышкы зайым ресурстарын өздөштүрүүнүн пландалган көлөмдөрүн эсепке алганда, тышкы карыздын суммасы ушул жылдын аягына карата 3,7 миллиард АКШ долларын түзөт жана фактылык алмашуу курстарына жараша ички дүң өндүрүмдүн 55 пайызынан 58 пайызына чейинки деңгээлде болуусу күтүлөт. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын деңгээли улуттук мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдонуудагы программаларында белгиленген ИДӨнүн 60 пайыздык максаттуу көрсөткүчүнөн ашпай тургандыгы күтүлүүдө.

Карыздын туруктуулугун анализдөөнүн алдын ала жыйынтыгы туруктуу тышкы карызы жана орточо тобокелчиликтери бар өлкө катары Кыргызстандын азыркы абалын мүнөздөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: