Бишкек шаарынын тургунунан Калашников автоматына тиешелүү ок-дарылар табылды
Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн Калашников автоматынын жана көзгө атар мылтыктын ок-дарылары табылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, кечээ, 12-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө 28 жаштагы Келечек жаңы конушунун тургуну кармалган. Анын үйүн тинтүүгө алган учурда ага таандык баштыктын ичинен ок-дарылар чыккан. Учурда бул иш боюнча 241-беренеге (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Dadin1

13.11.2014. 15:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2010 жылы бандиттерге тараткан автоматтардан болсо керекда.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.