Чиновниктердин жардамчыларынын мамлекеттик кызматтарга орношуусу кыйындады
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 25-сентябрында кабыл алынган мыйзамдын максаты - мамлекеттик саясий кызматкерлердин жардамчыларына коюлган талаптарды күчөтүү. Мыйзамга ылайык, чиновниктердин кеңешчилери жана жардамчылары бир жыл иштегенден кийин гана башка мамлекеттик кызматтарга сынаксыз кабыл алынат. Буга чейин айрым министрлер бир айда бир нече жардамчы алмаштырып, бардык жардамчыларын мамлекеттик кызматтарга орноштурууга жетишкени айтылып келген.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

