Бишкекке 14-ноябрда Тажикстандын өкмөт башчысы келет
Кыргызстанга эртең, 14-ноябрда Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзада расмий иш сапары келет. Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Бишкекке Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин чакыруусу менен келери айтылды. Анын келиши менен кыргыз-тажик мамилелери талкууланат. Тагыраак айтканда, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

