super.kg logo

Кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде жабыркаган кыргызстандык жарандын абалы туруктуу

 

Кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде жабыркаган кыргызстандык жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 13-ноябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-ноябрь күнү Кызыл-Кыя - Кадамжай транзиттик унаа жолунда кыргызстандык жарандарга тиешелүү эки жүк ташуучу унаа токтоп, контрабандалык жүктү түшүрүп жатышкан. Бул учурда өзбек чек арачылары келип, аларды кармоо учурунда ок чыгарышкан. Анын кесепетинен бир кыргыз жараны жабыркаган. Учурда ал Өзбекстандын аймагындагы ооруканада. Бүгүн анын абалы менен ата-энеси таанышып келет.

Айта кетсек, Кызыл-Кыя - Кадамжай унаа жолу Өзбекстандын аймагын кесип өткөн эки тараптуу транзиттик жол болуп эсептелет. Бул жолдон Кыргызстандын жарандарына токтоого болбойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: