super.kg logo

Баткенде кыз-келиндер жана аялдар намаз окуучу жай ачылды

 

Баткен шаарынын борбордук мечитинде жаңы эки кабаттуу имарат ачылды. Имараттын биринчи кабаты ашкана, экинчи кабаты кыз-келиндер намаз окуучу жай болду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ачылыш аземине облус жетекчиси Жеңишбек Разаков, облустук казы Юсуп ажы Балтабаев, аксакалдар жана дин кызматкерлери катышты. Ачылыш аземинде облус жетекчиси жана облус казысы куттуктоо сөз сүйлөшүп, элге ынтымак, ыйман, сабырдуулук жана тынчтык каалашты. Эки кабаттуу имараттын курулушун жеке ишкер Абди Тойчиев каржылап, келишим боюнча 25 жылдан кийин бул имарат толугу менен борбордук мечиттин карамагына өтөт.

Жаңы курулган имарат заманбап шартта салынып, жылуулук, ысык суу, муздак суу системдери толук иштейт.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.11.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Намаз окуган жакшы дечу, бирок Сирияга кетип калгабыгылачы деги. Туштук жактан коп кетип жатышат деп атат ко, Кыргызстандык Сириядан олуптур десе эле журогун ооруйт. Динге деле чеги менен берилиш керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: