Ош технологиялык университетин өткөн жылы 300 студенттин 42си артыкчылык менен аяктаган






Ош технологиялык университетинде бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу диплом тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чараны ОшТУнун Окуу департаменти, Карьера борбору бүтүрүүчү кафедралар менен биргеликте уюштуруп, окууну артыкчылык диплом менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө кызыл диплом менен өзгөчө кооздолгон төш белгилер тапшырылды. Кечеге ОшТУну аяктап, ири ишканаларда эмгектенген бүтүрүүчүлөр да чакырылган. Жалпысынан 300гө жакын студентке жогорку билимин тастыктаган дипломдор берилсе, 42 студент артыкчылык менен (кызыл диплом) аякташкан. Кеченин экинчи бөлүгүн бүтүрүүчүлөргө арналган концерттик программа улады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.