Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде эттин баасы 30 пайызга кымбаттайт
Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин өлкөдө эттин баасы 30 пайызга кымбаттайт. Муну Жогорку Кеңеште 13-ноябрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев айтты. Жыйында депутат Чолпон Султанбекова Оторбаевден: “Өкмөт социалдык-экономикалык тармактагы тобокелчиликтерге анализ жасадыбы? Бажы биримдигине киргенден кийин кыргызстандыктарды эмне күтөт?”- деп сурады.
Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн баалары салыштырылып, анализ жасалгандыгын айтты. “Азык-түлүк боюнча ар кандай баалар бар, маселен, эт Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдө кымбат. Бирок ун менен жумуртка салыштырмалуу бизде кымбат. Ошон үчүн тамак-аштын баасы 2-3 эселеп көтөрүлбөйт деп айтууга болот”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

