super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызстан карыз алмайынча өнүгө албайт" дейт өкмөт башчы

 

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеште 2015-жылдын бюджети каралып жатканда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кыргызстан карыз алмайынча өнүгө албай турганын айтты. Анын билдиришинче, Орусия, Казакстан деле карыз алып өнүгүп жатат. “Орусияга жарыяланган санкцияларды көрүп жатабыз. Кыйналып, Кытайдан карыз сурап отурат. Карыздарынын жалпы деңгээли ички дүң продукцияга салыштырмалуу 50 пайызга жетиптир. Казакстандыкы 80 пайызга жетти. Кыргызстандын кичинекей мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып коёюн, кийинки жылы биздики 55 пайыз болушу күтүлүүдө. Эгер карыз болбосо, Кыргызстандын экономикасы өнүкпөйт. Ошондуктан биз карыз алып, инвесторлор үчүн көбүрөөк жакшы шарттарды түзгөнгө аракет кылып жатабыз”,- дейт өкмөт башчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: