super.kg logo

Бишкекте Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы белгиленип, якут тилине которулган "Манас" эпосу бийлик өкүлдөрүнө тартууланды

 

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Аземге КРнын Президентинин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев, Саха Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы Александр Жирков, маданий жана коомдук ишмерлер, студенттер, окуучулар катышышты.

Салтанат Саякбай Каралаевдин жашоосун жана чыгармачылыгын чагылдырган даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды. Андан соң маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов сөз алып, Саякбай Каралаев “Манас” эпосун жайылтууга эбегейсиз салым кошконун белгилеп өттү. Ал эми президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев окуп берди.

Саха Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы Александр Жирков С.Каралаевдин вариантында якут тилине которулган “Манас” эпосун жана якут жазуучусу П.Ойунскийдин кыргыз тилине которулган “Ньургун баатыр” чыгармасын Кыргыз Эл акыны Бексултан Жакиевге тапшырды. Бул китептер расмий түрдө иш-чарага келишкен бийлик өкүлдөрүнө да берилди.

Иш-чара концерттик программа менен уланып, филармониянын, А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын жана Якутиядан ат арытып келишкен “Олонхо” театрынын артисттери өнөрлөрүн көрсөтүштү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: