Жоомарт Оторбаев мурунку өкмөттүн катачылыктарын моюнга аларын айтты
"Мурунку өкмөттүн башчылары кетирген катачылыктарды моюнубузга алабыз”,- деп билдирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 13-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында. Айрым депутаттар “Эл аралык соттор өкмөттү жалпы 165 миллион доллар доого жыкканы жатат, эмне кылабыз?” деп суроо беришкен эле.
Оторбаев бул маселе мурунку өкмөттүн катачылыгы экенин айтат. “Өзүңөр билесиңер, сот маселелери менин тушумда эмес, мурунку президенттердин, өкмөт башчыларынын убагынан бери жыйыналып келип, биздин моюнубузга илинип отурат. Азыр эл аралык консультанттарды келишимге алып, алар сот иштерине катышып жатышат”,- деди премьер-министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

