Бишкекте “унаа уурдаган” деген шек шаардын эки тургуну кармалды
Бишкекте “унаа уурдаган” деген шек менен 16 жана 18 жаштагы шаардын тургундары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 12-ноябрда милиция кызматкерлерине арыз менен 30 жаштагы Б.Улан аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал каттоодон өтө элек Subaru Outback үлгүсүндөгү унаасы унаа жуучу жайдан белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 16 жаштагы Ш.Кайрат жана 18 жаштагы З.Азис кармалды. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.