super.kg logo

13-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 178 миллион метр кубду түздү

 

13-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 178 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 27,52 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 203 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 205 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 583 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 617 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 13-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 424 миллион метр кубду түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: