Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сотто өздөрүнө карата угузулган айыптарга макул эмес
Бүгүн, 31-январда “Ата Журт” партиясынын 3 депутаты боюнча кезектеги сот иши уланууда. Сотто мамлекеттик айыптоочу депутаттар Садыр Жапаровго,
Камчыбек Ташиевге жана Талант Мамытовго карата тагылып жаткан айыпты угузду. Бирок аталган 3 депутат өздөрүнө карата угузулган айыптарга макул эмес. Депутаттарга "Кумтөр" маселесин шылтоо кылып бийликти басып алууга аракет жасаган, бул убакта депутат Садыр Жапаров куралы менен аларды Ак үйдүн ичинде күтүп турган. Мындан сырткары анын автоунаасында курал, бронкийим табылган. Бул айыпталуучулардын ой-максатынан кабар берет" деген айыптоо окулду.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

