super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Равшан Жээнбековду "кыргыздын душманы" дешти

 
Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун жакында комитетте айткан сөзү парламенттин бүгүнкү жыйынында чуу чыгарды. Эртең менен парламент жыйынында экономика министри Темир Сариев депутат Равшан Жээнбековду катуу айыптап чыккан. "Жакында комитетте аймактардан келген аялдарга "Эрте келип алыпсыңар. Жазында келсеңер митингге чыкмакпыз, революция болот" деп айттыңыз. Минтип айтканыңыз таптакыр туура эмес",- деген эле Сариев. Парламент жыйыны аяктап калганда "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов министр Сариевдин сөзүн улап: азында революция болот" деген айрым оппозиция өкүлдөрү - кыргыздын душмандары. Эч кандай революция болбойт. "Өлкөдө тополоң болот" дегендер -артынан эч ким ээрчибеген оппозиция өкүлдөрү",- деп билдирди. Куловдун сөзү парламенттеги оппозициялык фракциянын депутаттарын ортоңку микрофонго чыгууга түрттү. Депутат Кантемир Мурзабеков ("Ата Журт" фракциясы) "ар-намысчы" Куловду айыптап буларды айтты: "Оппозиция - элдин душманы" дедиңиз. Парламенттеги оппозиция бизбиз, сизге минтип айтууга ким укук берди? Минтүүгө сизде юридикалык гана эмес, моралдык да укук жок. Элдин душманы кимдер, аттарын атаңыз?" 
Ушундай эле айыптоону Жылдыз Жолдошова айтып чыгып, депутатты абайлап сүйлөөгө чакырды. 
Мындан кийин Кулов сөзүнүн маанисин түшүндүрүүгө аргасыз болду. "Мен парламенттик оппозиция тууралуу айткан жокмун. "Жазында революция болот" деген айрым оппозиция өкүлдөрү дедим",- деди ал. 
Ортодо күчөп кеткен чууга төрага Асылбек Жээнбеков кийлигишти. Төрага депутат Куловдун сөзү туура экенин белгилеп, депутаттарды сөздү бурмалабоого чакырды.
"Кулов туптуура айтты. Сөз ким тууралуу айтылганы белгилүү эле болуп турат го. "Жазында революция болот" деген айрым оппозиция өкүлдөрү" деп айтты. Мунун эмнеси туура эмес?! Туптуура, мен да кошулам. "Жазда митинг болот" дегендер кыргызга күйүшпөйт. Тополоң болуп кетсе, алар өлкөдөн чыгып кетишет. Дагы эле биз калабыз",- деди төрага. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: