super.kg logo
  Саясат  

Урмат Аманбаеванын ишин мурда Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча туура эмес чечим чыгарган тергөөчү карап жатканы айтылды

 
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага ачылган кылмыш ишин экс-президенттик аппараттын башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча туура эмес чечим чыгарган тергөөчү Мирбек Расулов карап жатат. Мындай маалымат парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында депутаттар тарабынан айтылып, муну башкы прокурор Аида Салянова да тастыктады. 
Тергөөчү Мирбек Расулов маркум Медет Садыркуловдун өлүмү саясий буйрук экенин билип туруп "Садыркулов авариядан көз жумду" деп чечим чыгарып бергенин айтышты депутаттар. Ушул эле тергөөчү бир кезде депутат Исмаил Исаковду (К.Бакиевдин тушунда) тергөөгө алган кызматкер экени да кошумчаланды. Башкы прокурор бул тергөөчүнүн депутат Аманбаеванын ишин тергеп жатышы тууралуу буларды айтты:
"Мен башкы прокурор болуп дайындалганда эле бул жигит иштеп жаткан экен. Мунун ишине кызыгып көрүп, бирок анын мыйзамсыз аракеттери тууралуу документтерди тапкан жокмун. Ооба, Аманбаеванын ишин алгач башка тергөөчү иликтеп жаткан, кийин Расулов кошулду".
Исмаил Исаков аталган тергөөчүнү кызматтан бошотууну талап кылды. "Ооба, бул жигит убагында мени суракка алып жүргөн. Ошондо "Исмаил аке, жогору жактын буйругуна кантип каршы чыгам?" дечү. Эми ушул жигитке кантип ишенебиз? Мындай саясий буйруктарды аткарып жүргөн адам тергөө тобуна кирбеши керек",- деди Исаков. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: