Кыргызстандын башкы прокурору: "Акмат Бакиевди мен качырган эмесмин"

Жогорку Кеңештин 13-ноябрдагы жыйынында депутаттар башкы прокурор Аида Саляновадан “Сизди “Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевди Кыргызстандан качырып жиберген” деп гезиттер жазып жатышат. Сиз качырып жибердиңиз беле? Ал кишини тааныйсызбы?” деп сурашты. Башкы прокурор Акмат Бакиевди тааныбай турганын айтып, төмөнкүлөрдү билдирди: “Ал кишини тааныбайм. Акмат Бакиевди абактан мен чыгарган эмесмин. Мен анын баш коргоо чарасын өзгөрткүдөй сот эмесмин. Ар кайсы гезиттерге жазылып жатат, бирок бул боюнча укуктук баа берилет”.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

