Бишкекте агасынын унаасын айдап чыгып 1 жаш 8 айлык баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу табыла элек
Бишкекте 1 жаш 8 айлык баланы сүзүп, качып кеткен айдоочунун унаасы табылып, учурда өзү изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.
"Учурда бала менен бала багуучуну сүзүп кеткен Мерседес-230 үлгүсүндөгү унаа айдоочунун агасына таандык болуп чыккан. Милиция кызматкерлери унааны издеп барганда унаа короодо токтоп турган. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга жайгаштырылып, сүзүп кеткен 25 жаштагы Эрнис аттуу жаранды издөө иштери уланууда",- дейт Т.Оторов.
Эске салсак, жол кырсыгы 12-ноябрь күнү саат 10:00 чамасында Киев жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда бала багуучу менен 1 жаш 8 айлык баласын катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден изин суутуп кеткен. Анын кесепетинен ымыркай асфальтка башы менен тийген. Ал эми бала багуучунун буту сынып, ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

13:44
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
EdikoKG

14.11.2014. 12:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качып кайда бармак эле. Кармалат. Билбейм,акча менен ишти жаап койбосо.
akzuura

14.11.2014. 12:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Та была элек болсо агасынын унаасында жургонун Ким билди?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.