super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар менен "Кыргыз алтындын" өкүлү Кылычбек Шакировдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты

 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын 14-ноябрдагы жыйынында “Кумтөрдү” улутташтыруу маселеси каралып жатканда депутат Жоомарт Сапарбаев менен "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакировдун ортосунда пикир келишпестик чыкты. Жыйында Шакировдун суроолорго орой жооп бергени үчүн депутат Сапарбаев аны сынга алды. "Эмне орой сүйлөп, бакырып жатасыз? Бул жерде эмес, сыртка чыгып же үйүңүзгө барып аялыңызга бакырыңыз. Жанатан бери жылмаңдап күлүп отурасыз. Биз сизге ким көрүнүп жатабыз?"- деди ал. Мындан кийин Шакиров: "Менин аялыма асылбаңыз. Мен сиздерге "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча гана жооп берип жатам. "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча жооп бере албайм жана сиздердин мага бул боюнча суроо бергенге акыңыздар жок. Улутташтыруу - парламенттин иши",- деди.

Депутаттар мындан кийин Шакировдон жыйындан чыгып кетүүнү талап кылышты, бирок ал чыккан жок. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: