"Центерра" 2006-жылы "Кумтөрдөн" мыйзамсыз 9 тонна алтын казып кеткени айтылды
"Центерра" 2006-2007-жылдары "Кумтөрдүн" түштүк-чыгыш тарабындагы карьеринен мыйзамсыз 9 тонна алтын казып кеткен. Муну Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын 14-ноябрдагы жыйынында эксперт Ишенбай Кадырбеков айтып чыкты. Жыйында депутаттар бул айтылган маселени териштирүүгө аракет кылды. Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин өкүлү бул маалыматты тастыктап, бирок мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин билбей турганын билдирди. Ал эми жыйынга катышып жаткандар бул фактынын негизинде "Центерраны" сотко берүү маселесин көтөрүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

