super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев айрым илимпоздорго Мамлекеттик сыйлык тапшырды

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда Илим жана техника жаатында Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттарына сыйлыктарды тапшырды. Лауреаттардын "Кыргызстандын алтын кендерин натыйжалуу жана коопсуз иштетүүнү илимий жактан камсыз кылуу" эмгеги Кыргызстанда кен иштетүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. 

Президент Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттарынын эмгеги өндүрүшкө ийгиликтүү киргизилишине токтолуп, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи. “Сиздердин илимий иштер "Жер-Үй", "Чаар-Ат", "Андаш", "Терекан", "Насоновское" алтын кен долбоорлоруна киргизилип, иштеп жаткан “Макмал”, “Кумтөр” алтын кен өндүрүшүндө пайдаланылууда. Бул иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу ишканаларга алтынды жерден 70 пайызга чейин алып чыгууга жол ачып, өлкөбүздүн улуттук экономикасын өнүктүрүүгө кошкон реалдуу салымыңыздар болуп калды”,- деди мамлекет башчы.

Өлкө жетекчиси акыркы 20 жылда илимий иштердин кадыры төмөндөп кеткенин, мунун объективдүү да, субъективдүү дагы көптөгөн себептери бар экенин айткан президент буларды кошумчалады: “Биздин таланттуу окумуштууларыбыз, билимдүү жаштарыбыз арбын. Илим чөйрөсүндө жандануу башталгандыгына карабастан, илимде жогоруда биз айткан мисалдай реалдуу жетишкендиктер абдан аз болуп жатат”.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, "Илим жана техника жагында Кыргызстандын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам Атабек Алибаевге, Камчыбек Кожогуловго, Ольга Никольскаяга, Кушбакалы Тажибаевге, Бурулкан Төлөбековага, Кеңешбек Үсөновго жана Салават Усмановго ыйгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: