super.kg logo

Сириядагы согушка Ош шаарынан 7 адам кеткени аныкталды

 

Кыргызстандан Сириядагы согушка кеткен жарандардын саны 150дөн ашып, анын ичинен 10го жакын адам каза тапканы кызуу талкууланууда. Алардын арасында беш үй-бүлө, аялдар жана балдар да бар. Ош шаарынан Cириядагы согушка кеткен жарандардын өздүктөрүн тактоо боюнча бир катар иш-чаралар жүрүүдө. Бүгүн, 14-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, 11-ноябрдан бери жүргүзүлгөн тактоо иштеринен кийин аталган аймактан Сирияга 7 адам кеткени аныкталды. 

Буга чейин белгилүү болгондой, Кара-Суу районунун Нариман айылынын 49 жаштагы тургуну Саибжан 47 жаштагы аялын, 27, 25 жана 20 жаштагы үч уулун Сирияга алып кеткен. Жакында анын 20 жаштагы уулу каза тапкан.

"Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну да учурда Сирияда жүргөнү аныкталды. Ал эми Араван районунун Чек-Абад айылынан кеткен 34 жаштагы жаран Орусия аркылуу Сирияга өтүп, ал жакта түркмөн аялга үйлөнүп алган экен",- дейт З.Сыдыков.

Учурда Ош ШИИБине 5 жаран балдарын Сириядан кайтарып берүүгө жардам сурап кайрылышкан. Алардын бири Кара-Суудан Сирияга кеткен Саибжан аттуу жарандын 93 жаштагы апасы. Ал карыганда жалгыз калганын айтып, неберелерин кайтарып берүүгө көмөк сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: