super.kg logo
  Саясат  

Эксперт: “Кумтөрдү” улутташтырууга 170 миллион доллар керек. Кенди иштетүүгө өзүбүздүн күчүбүз жетет”

 

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 14-ноябрдагы жыйынында эксперт Ишенбай Кадырбеков "Кумтөр Голд Компани" ишканасы Кыргызстанда катталганын, аны улутташтыруудан кыргыз тарап анчалык деле ири зыян тартпай турганын айтты. "Кыргызстан кенди улутташтырууга барса, компенсация үчүн 1-3 миллиард доллар эмес, көп болсо 170 миллион доллар төлөйт. “Кумтөр” кенин иштетүүгө өзүбүздүн деле күчүбүз жетет",- деп билдирди Кадырбеков.

“Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов “Кумтөр” долбоорун, жалпы эле өлкөнүн алтын кендерин иштетүү чараларын жөнгө салуунун кыска, орто, узак мөөнөттүү программалары иштелип чыгып, өкмөт менен парламентке жөнөтүлгөнүн билдирди. Кумтөр кенин биз деле иштете алабыз. Бирок аны улутташтыруу жүрүмү мыйзам алкагында болушу керек. Бул маселени Жогорку Кеңеш менен өкмөт чечет,- дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: