super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр эмгектерин Германияда өтүп жаткан "Базар-Берлин" көргөзмөсүнө коюшту

 

12-16-ноябрь күндөрү Германиядагы жарандарды Кыргызстандын туристтик потенциалы менен тааныштыруу максатында кыргыз кол өнөрчүлөр делегациясы “Базар-Берлин” көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстандан барган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери 3 көргөзмө залында орун алды. Кыргыз сувенирлери, оюнчуктары, улуттук кийимдер, булгаарыдан жасалган буюмдар иш-чаранын конокторун кызыктырууда. Айрыкча шырдактар, ичи жасалгаланып тигилген боз үй, колго тигилген, этникалык стилдеги, улуттук оймо-чийме менен кооздолгон көйнөктөр көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырып, сатылууда.

Ошондой эле кыргыздын уникалдуу кол өнөрчүлүгүн эске алып мастер-класстар, улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү, керамика жана кездемелердин көргөзмөсү өтүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: