Чикагодо киши колдуу болуп өлгөн жигит үйлөнүүгө акча табыш үчүн АКШга барган

Чикагодо тоноочулардын колунан каза тапкан кыргызстандык Абылбек Исабеков АКШда иштеп акча таап, кайра мекенине келип үйлөнүүнү максат кылган. Бир жыл мурун Америкага келгенин жана окуянын кандайча болгонун маркумдун досу "ЧикагоТрибюн" басылмасына айтып берген.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
13-ноябрда чыккан макалада айтылгандай, алар 11-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында кардарлардын буюртмасы менен Ист Ривер Роуд көчөсүнө пицца жеткирип барышкан. Абылбек Исабеков пиццаны алып кеткенде досу үй-бүлөсү менен скайп аркылуу сүйлөшүү үчүн унаада калганын айтып: "Унаада отурганда эки адам келип бардык акчамды, буюмдарымды, телефонумду беришимди талап кылышты. Бирок менде эч нерсе жок эле. Бул учурда досум чыкканда ага ок чыгара башташты. Алар эч нерсебизди алышкан жок, жөн гана экөөбүздү тең ата башташты. Мен "911" кызматына чалдым, алар келишти",- деп билдирген.
Кылмышкерлер окуя болгон жерден күрөң түстөгү унаа менен качып кетишкени маалым болгон. Баш тарабына ок жеген 31 жаштагы Исабеков оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, кийинки күнү көз жумган.
Досу Абылбек Исабеков жөнүндө: "Ал боорукер болчу, бат кыймылдап, баарына жардам берүүгө даяр эле. Башка адамдарга окшошчу эмес. Анын ушундай болгонуна ишенгим келбейт. Бул түш сыяктуу болду, бирок бул чындык",- деген.
Полициянын маалыматына караганда, кылмышкерлер өздөрүнүн унаасында маркумдун артынан жүрүп, ыңгайлуу жерди издешкен. Исабековго эки жолу, досу тарапка бир жолу ок чыгарылганы белгилүү болгон. Азыркы тапта кылмышкерлерди издеп, бирок андан натыйжа чыкпай жатканы кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(6)
Begimkyz

14.11.2014. 16:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун! Жакындарына сабыр берсин!
sezimai93

14.11.2014. 16:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маркумдун жаткан жери жайлуу бейиштен болсун,Урматтуу мекендештер чет жерде журобуз озунор го сак болгула сактвкда кордук жок демекчи мындай болот
tolkun85

14.11.2014. 17:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул да мамлекеттин куноосу озубуздо жумуш орду болсо айлык маянасы жакшы болсо,оз жерибизде иштеп ажал оз жерибизден алса жакшы болмок.айла канча. жаткан жерин жайлуу болсун.
kg.sity93

14.11.2014. 18:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери бейиште,топурагы торко болсун.!жакындарына конул айтам.сабыр тилейм.
karo

15.11.2014. 16:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун
K.Batken

15.11.2014. 22:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бечара!биздин элчилик эмне кылып жатат экен я?туугандарына терен кайгыруу менен конул айтам!жайын жаннаттан кылсын аллахым!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.