Коалициялык көпчүлүк Сотторду тандоо кеңешине төрт талапкер шайлады

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк бүгүн, 14-ноябрдагы жыйынында Сотторду тандоо кеңешине сунушталган 4 талапкерди шайлады. Депутаттар көрсөтүлгөн талапкерлердин ар бирине жекече добуш беришти. Коалициялык көпчүлүктүн мурунку отурумунда да төрт талапкер шайланган. Эми 19-ноябрда парламент Сотторду тандоо кеңешинин толук курамын бекитет.
Бүгүн шайланган талапкерлердин тизмеси:
Урмат Момбековго “макул” 40, “каршы” 7;
Алишер Юсуповго “макул” 39, “каршы” 8;
Жээнбек Мукамбетовго “макул” 37, “каршы” 10;
Панайдин Кадыровго “макул” 38, “каршы” 9.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

